Кыргыз-индия аскердик машыгуу борбору Балыкчыда ачылды
Бишкек. 16 - июль. КирТАГ – Кыргыз-индия аскердик машыгуу борбору Балыкчыда ачылды. Бул тууралуу куралдуу күчтөрдүн штабынан билдирди.
Аскердик машыгуу борборун курулушуна каражатты толугу менен Индия тарап бөлгөн. Аталган борбордо аскерлер тоо шартында машыгуу ыкмаларын үйрөнүп, тажрыйба алмашат. Тоодо машыгуу үчүн Кыргызстандын рельфи, климаты туура келгендиктен атайын тандалып алынган.
Кыргыз-индия аскердик машыгуулары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келатат. Кыргызстандын аскер кызматкерлери май айында аскердик машыгууларга катышып келген.