Кырчын жайлоосунда салттуу искусство боюнча мелдеш болот

Дата: 13:11, 17-08-2018.

Бишкек. 17 - август. КирТАГ - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары убагында Кырчын жайлоосундагы этно-шаарчада 5-сентябрь күнү Хан Ордонун борбордук аянтчасында салттуу искусство боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгы билдирди.

“Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” конкурсунун алкагында Кыргызстандын бардык областарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген командалар, ошондой эле коомдук маданий уюмдардын жана борборлордун өкүлдөрү көчмөн элдеринин жашоосунда колдонулган искусствонун ар кандай салттуу түрлөрү боюнча жарышышат: “Ийик ийирүү”,  “Жүк жыюу”,  “Ала кийиз басуу”,  “Чий согуу”, “Жөө айтыш”,  “Уук жасалуучу талды тез арчуу” жана башкалар.

Конкурстун негизги максаты ата мекендик жаштарга жана чет элдик конокторго байыркы көчмөндөрдүн салттуу искусствосун көрсөтүү, көчмөндөрдүн жашоо турмушунда колдонгон оокат буюмдарын жана аларды жасоо методдорун үйрөтүү болуп саналат.    

  

Поделиться новостью: