Курсан Асанов кызматынан бошотулду

Дата: 17:46, 13-08-2019.

Бишкек. 13 — август. КирТАГ – Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Өкмөт башчы М. Абылгазиевдин буюругу менен Ички иштер министринин орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулду»—деп айтылат маалыматта.

Асанов 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда аны менен сүйлөшүү жүргүзгөн болчу.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 7-8-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында кызматтык милдетин аткарып, Атамбаевди кармоонун башында турган.

Поделиться новостью: