Кубатбек Боронов КММ бааларынын жагдайын көзөмөлгө алууну тапшырды

Дата: 13:59, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов күйүүчү-майлоочу материалдар бааларын турукташтыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«КММ баасынын өсүүсү калкта мыйзам ченемдүү тынчсызданууну жаратат. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн кызматтардын жана товарлардын, анын ичинде азык-түлүктөрдүн кымбатташына алып келет. Биз КММ баасынын кескин көтөрүлүшүнө жол бербешибиз керек», – биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Орозбек Алымбеков республикадагы КММ рыногундагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

«КММ баасынын негизги өсүүсү 2018-жылдын май айынын аягында июндун башында жүргөн, 2018-жылдын июнунун экинчи жарымынан баштап баанын өсүшү байкалган эмес. Республикабызга мунайзат продуктуларынын көп бөлүгү ташылган Россияда мунайзат продуктуларынын дүң баасынын кескин жогорулашы бир катар факторлорго байланыштуу, алардын башкысы – мунайзатка дүйнөлүк баанын өсүүсү. Мунайзат сырьесуна баанын дээрлик үзгүлтүксүз өсүүсү азыркы мезгилге чейин уланууда, май-июнда эле алар 9-10%га өсүп, акыркы 3,5 жылда биринчи жолу 80 долл./баррелден жогору көтөрүлгөн.

Муну менен бирге Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Орозбек Алымбеков белгилегендей, майдын чекене баасынын өсүүсүн жыл башынан бери байкалган россиялык мунайзат кайра иштетүү заводдорунда дүң-чыгаруу бааларынын ырааттуу өсүүсү шарттаган.

«Эгерде үстүбүздөгү жылдын январынан июнга чейин россиялык рынокто баалардын өсүүсү орточо 6% болсо, май-июнда дүң баалар 30% чейин көтөрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын 6 айында КММ чекене бааларынын өсүү тенденциясы байкалган. Ошону менен бирге 2018-жылдын январь-июнунда республикага 234 миң тонна автомобиль бензини жана 270,5 миң тонна дизелдик отун импорттолгон», – деп билдирди Орозбек Алымбеков.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине КММ бааларынын кырдаалын көзөмөлгө алууну жөндөөнү тапшырды.

«Республиканын аймактарында КММ рыногунда, анын ичинде бензиндин бардык маркаларынын жана дизелдин чекене баасын кошуп туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү керек. Аны менен бирге бааларды түздөө жана КММ баасынын кескин өзгөрүүлөрүнө жол бербөө саясатын улантуу керек», – деп белгиледи ал.

Маалымат үчүн: ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринде үстүбүздөгү жылдын 17-июлуна карата орточо салыштырмалуу баалар (2018-жылдын 17-июлуна карата КР УБ курсу боюнча)




Поделиться новостью: