КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлерди кабыл алуу бүгүн аяктайт

Дата: 11:20, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлерди кабыл алуу бүгүн аяктайт. Бул тууралуу КирТАГга коомдук каналдын байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

«Бүгүн саат 17.00 КТРКнын башкы директорлугуна ат салышатурган талапкерлерди каттоо аяктайт. Бүгүн 5 киши арыз берди. Талапкерлердин так саны жана аттары бүгүн саат 17ден кийин айтылат», - деди ал.

Анын айтымында, экинчи этапта байкоочу кеңеш татыктуу талапкерлердин документтерин карап чыгат. Андан кийин маектешүү өткөрүлүп, талапкердин программасы каралат.

«19 - мартта учурдагы директор Илим Карыпбековдун ыйгарым укуктары аяктайт. Биз ошол күнү жаңы жетекчини шайлайбыз», - деди Ж.Жекшеев.

Коомук биринчи каналдын курамына «КТРК», «КТРК Музыка», «Маданият-Тарых-Тил», «Баластан», «КТРК Спорт», «Ала-Тоо 24» жана «Биринчи радио», «Кыргыз радиосу», «Мин кыял», «Достук», «Балдар FM» радиолору кирет.

Корпарацияны каржылоого жылына мамлекеттик бюджеттен 400 млн сом бөлүнөт.


Поделиться новостью: