КСДП фракциясынын парламенттеги көпчүлүктүн коалициясынан чыгуу ниети жок

Дата: 19:29, 19-03-2019.

Бишкек. 19 март. КирТАГ – КСДП фракциясынын парламенттеги көпчүлүктүн коалициясынан чыгуу ниети жок. Бул туурасында КирТАГ агенттигине фракциянын лидери Иса Өмүркуловго шилтеме менен катчылыктан билдиришти.

«КСДП фракциясы коалициядан чыгат экен деген сөздөргө негиз жок. КСДП коалицияда кала берет жана анын катарынан чыгуу ниети жок», - дейт Өмүркулов.

Өмүркулов белгилегендей, альянска кирген фракциялардын бири чыкса, коалиция кулап, анын артынан өкмөт отставкага кетет.

«Азыр өлкөгө туруктуулук керек. Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу зарыл, жазгы айдап-себүү иштери кызуу башталды. Андыктан биз өкмөттүн алаксыбай таасирдүү иштөөсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек», - деп кошумчалады И. Өмүркулов.  

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясына КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол», «Республика – Ата Журт» фракциялары кирет.  Оппозицияда «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары.

Эске салсак, башында экс-президент Алмазбек Атамбаев турган Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы өзүн азыркы бийликке оппозиция деп жарыялады.

Буга чейин билдирилгендей, 17-мартта «Медиа Форум» имаратынын алдында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда митинг-реквием уюштурулуп, азыркы бийлик катаал сынга алынган.

2018-жылдын 31-октябрында КСДПнын саясый кеңеши КСДПнын парламенттик фракциядагы лидери Иса Өмүркуловду партиянын курамынан чыгаруу чечимин кабыл алган. Ошондой эле аны парламенттик фракциянын лидери кызматынан алып салуу боюнча сунуш киргизилген.

Депутат Ирина Карамушкинанын айтымында, партиянын уставы жана программасы боюнча парламенттеги фракциянын лидери саясый кеңеш мене фракциянын ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат. Бирок Өмүркуловдун марттан бери саясый кеңешке келбегендигин, партиянын лидери менен сүйлөшпөгөндүгүн, ошол эле убакта саясый кеңештин  чечимдерине саботаж кылгандыгын эске алганда фракциянын лидери партиянын максаттары жана тапшырмаларына каршы чыгууда», - дейт И. Карамушкина.
Иса Өмуркулов бүгүнкү күнгө чейин Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери бойдон калууда.  


Поделиться новостью: