Кой-Таштагы кырдаал боюнча түзүлгөн комиссия Курсан Асанов жана Равшан Жээнбековдун маалыматын укту

Дата: 12:24, 13-09-2019.

Бишкек. 13-сентябрь.  КирТАГ – 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Алишер Мамасалиев, Артур Медетбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысы Азамат Араев коомдук ишмер Равшан Жээнбековдун жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө алар 7-8-августунда Кой-Таш айылында окуялардын өнүгүшү, өздөрүнүн түздөн-түз катышуусу тууралуу айтып беришип, Мамкомиссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асель Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жолугушууга катыша алган эмес.

Белгилей кетсек, Премьер-министрдин буйругу менен Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамына эки жаңы катышуучу киргизилген, алар: коомдук ишмерлер Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков.

Поделиться новостью: