Коррупциялык каршы күрөштөн атайын эсепке 345 млн сом ашык каражат которулду

Дата: 15:28, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Коррупцияга каршы күрөшүүдөн атайын эсепке 345 млн сомдон ашык каражат которулду. Бул  тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.


Маалыматка караганда, 15-август күнү бирдиктүү депозиттик эсепке экономикалык жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөн 345 млн 63,5 миң сом каражат түшкөн.

Финполиция - 143,4 млн сом, УКМК - 141,6 млн, Башкы прокуратура - 59,3 млн,  ИИМги - 533 миң сом которгон.

Эске салсак, 2018-жылы Кыргызстандын өкмөтү экономикалык кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүүдөн түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачкан.

Поделиться новостью: