Өкмөттө бир катар инвестициялык долбоорлор жактырылды

Дата: 14:12, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин кезектеги отуруму өттү. Булт тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдар өлкөнүн шаарларында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумун калыбына келтирүү боюнча гранттык жана насыялык долбоорлор, салыктык башкарууну модернизациялоо, Бишкек шаарынын түндүк айланып өтүү жолунун реконструкциясы, ошондой эле Борбор Азия аймактык экономикалык кызматташуу  (БААЭК) 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдор долбоорунун экинчи фазасы тууралуу маалымат беришти.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев Каракол, Жалал-Абад, Нарын, Кербен, Исфана жана Ноокат шаарларында суу түтүктөрү 1950-1960-жылдары курулганын билдирди.

Ичүүчү сууну керектөөнүн өсүүсү, ошондой эле жабдуулардын эскилиги жеткендиктен ичүүчү суу менен камсыздоо тутуму калыбына келтирүүгө жана жаңы курулуштарга муктаж. Калктуу жерлерди инженердик инфраструктура менен камсыздоо үчүн бир далай акча каражаттары зарыл, буга байланыштуу тышкы инвестициялар тартылууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов белгилегендей, атамекендик салыктык башкаруу тутумун баалоонун жыйынтыгы боюнча анын таасирдүүлүгүн арттыруунун артыкчылыктуу багыттар аныкталган.

Анын айтымында, долбоор салык кызматынын ишмердигинин негизги тармактарында салыктык башкаруу процедураларын оптимизациялоо жана автоматташтырууну камсыздаган чараларды ишке ашырууга, салык төлөөчүлөр үчүн сервистик, электрондук кызматтарды киргизүүгө жана өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өлкөнүн жол инфраструктурасын модернизациялоо боюнча долбоорлор тууралуу кеңири айтып берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын жетекчилери инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жеке жоопкерчилик алышарын белгиледи.

Өкмөт башчы мүмкүн болгон тобокелдиктерди болушунча четтетүү үчүн тыкыр талдоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөттү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин мүчөлөрү жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду жактырышты.






Поделиться новостью: