Өкмөт: Суу, электр энергияга баанын көтөрүлүшү жана пенсиялык жаш курагынын жогорулашы боюнча социалдык түйүндөрдө тараган маалыматтар калп

Дата: 08:41, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Социалдык тармактарда сууга жана электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын пенсиялык жаш курагынын 2019-жылдын башынан тарта жогорулашы тууралуу маалыматтар активдүү жайылууда. Өкмөт бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарифтерди көтөрүүнү да, жарандардын пенсиялык курагын жогорулатууну да демилгелөөнү пландаштырган жок. Ошондой эле жалган маалымат жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылуу мүмкүндүгүн эске салууну маанилүү деп эсептейбиз жана жарандарды мыйзамсыз чагымчыл аракеттерден карманууга чакырабыз.

Поделиться новостью: