Өкмөт Россия эл достугу университетинин Ч.Т.Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоого 500 миң сом бөлдү

Дата: 16:21, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ- Кыргыз Республикасынын өкмөтү Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ч.Т.Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга арналган иш-чараларга байланыштуу чыгымдарга 500 миң сом бөлдү. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Документке ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан «Кыргыз Биримдиги» Тынчтыкты, достукту жана улуттар аралык өз ара түшүнүүнү бекемдөөгө аракеттешүү Аймактар аралык коомдук уюмуна Москва шаары, Миклухо-Маклай көчөсү, 10/2, аудитория № 629 дарегиндеги Россия эл достугу университетинин гуманитардык жана социалдык илимдер факультетинин имаратында жайгашкан Ч.Т.Айтматов атындагы окуу залын жасалгалоо максатында 500 миң сом бөлүндү.

Бул аудиторияга XX кылымдын бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер, дипломат, кыргыз элинин улуу уулунун ысмын ыйгаруу чечими Россия эл достугу университетинин Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Поделиться новостью: