Өкмөт Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтөт

Дата: 11:33, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Кыргызстандын өкмөтү чөң жана кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Ашырбек Темирбаев парламентте билдирди.

«Премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев Ооганыстандын аткаруу бийлигинин төрагасы Абдулла Абдулла менен жолугушуп, Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүү тууралуу маселени сүйлөштү. Учурда Памирге баратурган жардам топтору даярдалып жатат», - деди ал.  

Анын айтымында, Нарын облусунда тарыхый мекенине кайткан 49 этникалык кыргыз жашап жатат. Алардын 30га жакын балдару учурда орто билим алууда.

Мыйзамга ылайык, 14 баласы бар энелер социалдык жөлөк пул алат. Ошондой эле алардын жашоосуна жакшыртууга 5 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн», - деп кошумчалады А.Темирбаев.



Поделиться новостью: