Өкмөт чет өлкөдө каза тапкан жарандардын туугандарына 50 миң сом компенсация төлөп берет

Дата: 10:38, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Өкмөт чет  өлкөдө каза болгон жарандардардын денесин мекенге алып келүү үчүн  маркумдун жакындарына 50 миң сом жардам акча бөлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдайт

Маалыматка караганда, өкмөт жет өлкөдө каза болгон мекендештерге компенсация төлөө боюнча 16-майда токтом кабыл алган. Ага ылайык каза тапкан жарандын туугандарына 50 миң сом жардам акча төлөнүп берилет.

Мунун менен катар, компенсацияны алуу жолдору да жеңилдетилген.

Акчалай жардам каза болгон жарандын туугандарына үч күндүн ичинде төлөнүп берилет.

Аталган токтом, расмий жарыялангандан кийин 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы 238 кыргызстандык чет өлкөдө каза тапкан. Алардын 216 Орусияда көз жумган. Башка 22 жаран ЕАЭБден тыш мамлекеттерде каза болгон.

.

Поделиться новостью: