Өкмөт бизнести текшерүүгө эки жылга мораторий киргизет

Дата: 11:51, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы соода жүгүртүү 9,5%га, анын ичинде импорт – 15,0% өскөн. Экспорттун өсүүсү алтынды эске албаганда – 8,4%. Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт – 5,2% же 19 млн АКШ долларына көбөйүп, 387,5 млн АКШ долларын түзгөн.

«Атамекендик продукциянын экспорттук потенциалын өстүрүү максатында 2019-2022-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү Программасынын долбоору иштелип чыккан. Жакынкы мезгилде бул Программа Өкмөт тарабынан бекитилет. Аны ишке ашыруу менен 2023-жылга карата экспорттун көлөмүнүн 2 эсеге көбөйүүсү күтүлүүдө. Экспортчуларга колдоо катары 2019-жылдын 1-январынан тарта Экспортко багытталган ишканаларды каржылоо долбоорун ишке киргизүү пландалууда, анын алкагында экспортчуларга 3-5 жылдык мөөнөттө 8-10% менен 1 млрд сомдон жогору суммага жеңилдетилген насыялар сунушталат. Мындан тышкары финансылык ресурстардын туруктуу жеткиликтүүлүк шарттарын түзүү максатында азыркы учурда экспорттук-импорттук операцияларды каржылоо боюнча адистештирилген банк түзүү иштери жүрүүдө», – деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.


Поделиться новостью: