Өкмөт башчы Абылгазиев иш сапар менен Казакстанга барды

Дата: 14:08, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамы:

Мухаммедкалый Абылгазиев – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Жеңиш Разаков– Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
Олег Панкратов – Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Жамшитбек Калилов – Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри;
Уларбек Шаршеев – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Калысбек Жумаканов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын директору;
Динара Кемелова– Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Айбек Айдарбеков – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
Алмаз Сазбаков– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү;
Азамат Оморов – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен иштетүү бөлүмүнүн башчысы.


Поделиться новостью: