Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кетти; президенттин милдетин сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаев аткарат

Дата: 19:46, 19-03-2019.

Бишкек. 19 март. КирТАГ – Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттин башчысы кызматындагы ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында КазТАГ билдирет.

«Мен ыйгарым укуктарымды токтотуу чечимин кабыл алдым», - деди Назарбаев Казакстан элине кайрылуусунда.  

Өзүнүн отставкасы жөнүндөгу жарлыгына Назарбаев 2019-жылдын 19-мартында түз эфир учурунда кол койду. Казакстандын президентинин ыйгарым укуктары, Конституция боюнча, республиканын парламентинин сенатынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге өтөт.

Нурсултан Назарбаев Казакстандын президенти постун 1990-жылдын 24-апрелинен бери ээлеп келет.   Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарды. Ал бийликке СССР тарай электе эле отурган.

2015-жылы апрелдеги президенттик шайлоодо ал расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын 97 пайызынын добушун алып, бешинчи мөөнөткө шайланган.

Былтыр Назарбаев 2020-жылга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин коёр-койбосу тууралуу берилген суроого так жооп берген эмес. Анда ал шайлоого чейин убакыт бар экенин, чечим кабыл алгандан кийин маалымат бере турганын айткан.

Анын ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп келген Касым-Жомарт Токаев 2013-жылдан бери казак парламентинин Сенатынын спикери.

Мурда Казакстандын өкмөт башчысы, тышкы иштер министри кызматтарын ээлеген.

Поделиться новостью: