Казакстандын калкы 18 млн 25 миңге жетти

Дата: 14:09, 16-07-2018.

Бишкек. 16 - июль. КирТАГ – Казакстандын калкы 2018—жылдын 1-июнундагы эсепке менен 18 млн 253,3 миңге жетти. Бул тууралуу КазТАГ Казакстандын Экономика министрлигине шилтеме берүү менен маалымдады.

«Калктын саны үстүбүздөгү жылдын 1-июнунуна карата 18 253,3 миң кишиге жетти. Алардын 10 514,3 миң кишисин  (57,6%) шаардыктар, 7739 миң, 42,4% айыл тургундары түзөт. Өткөн жылга салыштырмалуу элдин саны 239,1 миң кишиге (1,3%) өскөн», - деп айтылат маалыматта.

Өлкөдө төрөлүү акыркы алты айда 159,9 миңди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,9% көбөйгөн. Төрөлүүнүн жалпы коэффициенти миң кишиге 21,15 туура келген.

Каза болгондор акыркы беш айда 56,4 миң кишиге жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 1,4%га көбөйгөн.








Поделиться новостью: