Казакстандан Кыргызстанга 240 тоннадан ашуун бензинди загохол катары жашырып киргизишкен

Дата: 10:07, 22-03-2019.

Бишкек. 22 март. КирТАГ - Казакстандан Кыргызстанга 240 тоннадан ашуун бензинди газохол катары деп жашырып киргизишкен. Бул туурасында КР мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, «К.Д.Б.» ишканасы Казакстандан 240,6 тонна бензинди Кыргызстанга киргизүүдө салык төлөдөн качып газохол катары каттап алып кирген.

Аталган факты салык кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ташылган мунай продукттарына бөгөт коюу боюнча рейд учурунда аныкталган. Шектүү мунай продукту Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы нефтебазанын резервуарында сакталып турган.  

Ушул таптап мамлекеттик салык кызматы «К.Д.Б.» ишканасынан акциздик салык алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.

Газохол —  90% этил эмес бензин жана 10% этил спиртинин аралашмасы.

Поделиться новостью: