Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 79, Өзбекстанда болсо 50 кишиге жетти

Дата: 10:32, 25-03-2020.

Бишкек. 25 - март. КирТАГ - Казакстанда 25-марттагы маалыматтар боюнча коронавирус жуктургандардын саны 79 кишиге жетти. Бул тууралуу КазТАГ жазды.

«Дагы коронавирус жуктурган 7 жагдай катталды:  Алматыда- 2, Нур-Султанда - 5. Бүгүнкү күндө Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 79 (Нур-Султан – 41, Алмата – 31, Караганда - 2, Алмата облусу - 1, Актөбө – 1, Шымкент – 1, Жамбыл облусу – 1, Түндүк-Казакстан – 1) кишиге жетти.

Буга чейин маалым болгондой, Казакстанда өзгөчө кырдаал жарыяланып, Нур-Султан жана Алмата толугу менен жабылган.

Ал эми Өзбекстанда болсо коронавируска чалдыккандардын саны 50 кишиге жеткендигин Өзбек телеграф агенттиги (УзТАГ) жазды.

Тажикстан болсо пандемияга байланыштуу 24-марттан тарта чегараларын жапты.


Поделиться новостью: