Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктургандар көбөйүүдө

Дата: 13:16, 01-04-2020.

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ – Казакстанда 1-апрелде дагы 6 киши коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу КазТАГ жазды.

Илдеттин жуктуруп алган алтоо тең Кызылордо облусунун тургундары. Жалпысынан 1-апрелдеги маалымат боюнча Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 369 кишиге жетти. Алардына арасынан 24 бейтап айыгып, 3 киши каза болду.

Ал эми Өзбекистанда болсо вирус жуктургандар 172 кишиге жеткенин Өзбек телеграф агенттиги (УзТАГ) жазды.

Поделиться новостью: