Карамушкина: «Ата Мекен»чилер өлкөдөгү кырдаалды курчутууда

Дата: 10:23, 19-09-2018.

Бишкек. 19 - сентябрь. КирТАГ – Альбина Метерова. Парламентте «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов менен КСДПнын депутаты Ирина Карамушкина кайым айтыша кетти.

Депутат Карамушкина «Ата Мекен» фракциясынын «Белизгейт» ишин кайра көтөрүүсүн кырдаалды курчутуу катары баалады.

««Ата Мекен»де кандай сүрөтчүлөр отурат? Эмне үчүн дайыма кырдаалды кыйындатканга аракет жасайсыңар? Биздин партиялаштарды да камап жатышат. Бирок өлкөгө ызы-чуу салбай эле отурабызго. Атамбаевдин убагындагы кылмыш иштердин баары туура ачылган. Көпчүлүгүн бекер эле чыгарып жиберди. Алар аягына чейин отуруп, жазасын алса жакшы болмок», - деди депутат Карамушкина.

«Мен аялдар менен айтышканды жаман көрөм. Бирок Ирина Юрьевна бул жерде сиз калыс пикириңизди айтышыңыз керек болчу. Убагында мурунку бийлик туура эмес иштерге барган. Сиз адилеттүү оюңузду биринчилерден болуп айтышыңыз керек эле. Бирок сиздин азыркы жообуңуздун эч кимге кереги жок», - деп жооп берди депутат Шыкмаматов.

«Кайсы депутаттар өлкөнү сазга батырып жатканын убакыт көрсөтөт. Өзүңүздүн паритяңызга жооп бериңиз, мен өзүмдүкүнө жооп берем», - деди депутат Карамушкина.

Буга чейин маалым болгондой, Ата Мекен» фракциясы Белизден алынган документтер деп айткан Сегизбаевдин маалыматын текшерүү жана териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү менен кошо Сегизбаевдин өзүн парламентке чакырууну талап кылган.

Поделиться новостью: