Кара-Балтада бир киши поезд алдына боюн таштап каза болду

Дата: 15:45, 19-07-2019.

Бишкек. 19 - июль. КирТАГ  –  Кара-Балтада поезддин астында калган жаран өзү боюн таштаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы поезддин машинистине шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кара-Балта – Кайыңды жолунун 3718-чакырымында 40-45 жаштагы европа улутундагы эркек киши бүгүн саат 11:50лөр чамасында поездин алдына боюн таштаган.

Учурда ыкчам топ жеринде иш алып барууда.

“Машинист кабарлагандай, ошол райондун аймагында өлгөндөрдүн денесин ташуу боюнча ритуалдык агенттик жок, ошол себептен атайын топ Бишкектен чакырылган. Маркумдун өздүгү такталууда”, - деп кабарлашты ведомстводон.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Балта шаарында поезд адамды өлтүрө сүзүп кеткендиги тууралуу кабарланган.

Поделиться новостью: