Кара-Балта дарыясына чөгүп кеткен 26-жаштагы жигиттин сөөгү табылды
Бишкек. 17 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кара-Балта суусуна агып кеткен жарандын жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалыктын маалыматына караганда, 10-июль күнү Чүй облусунун Жайыл районунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа түшүп кетип, кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган А. уулу С. сууга агып кеткен.
Издөө иштеринин натыйжасында, 2018-жылдын 17-июль күнү саат 15:38де маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлуп берилди.