Күйүүчү май 5-10%га кымбатташы мүмкүн

Дата: 09:56, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Кыргызстандын мунайтрейдерлер биримдиги алдыда күйүүчү майга болгон баа 5-10%  өсүшү мүмкүндүгүн божомолдошууда.

«Жакынкы айларда, күйүүчү май түрүнө карап 5-10% кымбатташы мүмкүн. Ошондуктан мунай компаниялары баалардын кескин өзгөрүүсүнө жолбербөө үчүн ыңгайлуу нарк саясатын жүргүзүш керек», - деп айтылат мунайтрейдерлер ассоциациясынын билдирүүсүндө.

Мунайтрейдерлер өлкөнү үзгүлтүксүз күйүүчү май менен камсыздоо аракеттерин көрөт

Акыркы төрт айдагы маалымат боюнча, өлкөгө 325,8 тонна мунай импорттолгон, алардын 160,6 тоннасы бензин, 165,2 тоннасын дизель  түзөт. Жыл башынан бери күйүүчү майды баасы өскөндүгү байкалган. Бензин 0,75 сом (1,9%)го, дизель 2 сома (5%)го кымбаттаган.

Күйүүчү майлардын өсүүсүнө Орусиядан келген импорттук баалардын өзгөргөндүгү таасирин тийгизген. Эгер орус базарларында, январь-аперлеь айларында мунайдын баасы орто эсеп менен 6% кымбаттаган болсо, май айында 10%га кескин өсүп кеткен.

Орусияда мунай продукцияларынын чекене баасы кескин кымбатташы бир катар факторлорго байланыштуу. Дүйнөлүк нефт биржаларындагы нарктын өсүү негизги себеп катары айтылууда. Май айында нефттин баасы улам-улам кымбаттап отуруп, 9–10%га чейин өсүп кетти.

Мунай базарындагы баалардын өзгөрүшү, тактап айтканда өсүшү, Кыргызстандын базарына да таасирин тийгизет.



Поделиться новостью: