ИМ Орусияга бараткан борборазиялыктарды поезддерде азгырып турган

Дата: 14:33, 28-10-2016.

Бишкек. 28-октябрь. КирТАГ - “Ислам мамлекети” террордук уюму Борбор Азиядан Орусияга бараткан мигранттарды поезддерде азгырып турган. Бул тууралуу ШКУ уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору Евгений Сысоев билдирди.

Бейшембиде уюм Ташкентте эл аралык терроризмдин жана экстермизмдин алдын алуу боюнча илимий-практикалык конференция өткөрдү.

Сысоевдин айтымында, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын укук коргоо органдары 2015-жылы эл аралык террордук уюмдун эмиссарларынын ишине бөгөт коюшкан. Алар Казакстан аркылуу поезд менен Орусияга жол тарткан мигранттарды азгырып турушкан. Мындан тышкары террорчулар Орусияга окуу үчүн бараткан КМШ өлкөлөрүнүн студенттерин өз карамагына тартууга аракет жасашкан.

Орусия Федералдык коопсуздук комитети 2015-жылы Борбор Азиядагы кесиптештери менен бирге ар кыл террордук уюмдардын мүчөсү болгон 80ге жакын кишини кармаган. Алардын ичинен элүү адам Тажикстандан, жыйырмасы Кыргызстандан, сегизи Өзбекстандан болгон. Кармалгандардын баары тең мекендерине жөнөтүлүп, жоопкерчиликке тартылышкан.

Поделиться новостью: