ИИМде 34 жетекчилик кызмат кыскартылды

Дата: 16:37, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ -  ИИМ структурасындагы оптимизациянын биринчи этабынын жыйынтыгында 34 жетекчилик кызмат кыскартылды. Бул тууралуу башкармалык маалымдады.

Маалыматка караганда, ИИМден, ШИИББ, ОИИБнан-14 жалпысынан 34 жетекчилик кызмат кыскартылган.

Ички иштер органдарынын башкы милдети ИИМ күчтөрүн бекемдөө үчүн милициянын штаттык бирдигин 100гө көбөйтүү, өспүрүмдөр боюнча 25ге, нөөмөт боюнча 45ке жеткирүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө,министрликтин ИИМден, ШИИББ, ОИИБ бөлүмдөрүндө оптимизациялоонун биринчи этабы соңуна чыкты.


Поделиться новостью: