ИИМ: Президент Жээнбековдун шайлоодогу чыгымдары боюнча материалдар иликтенип бүттү

Дата: 11:28, 11-01-2019.

Бишкек. 11 - январь. КирТАГ – Президент Жээнбековдун шайлоодогу чыгымдары боюнча материалдар иликтенип бүттү. Бул тууралуу ИИМ маалымдады.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери, райондук, шаардык жана облусттук  шайлоо штабынын кызматкерлери, жетекчилери көрсөтмө берди. Материалдар иликтенип бүттү. Каржы маселелерине жооптуу кызматкер Сатыгул кызы Надира өлкөгө кайтып келгенде суракка чакырылат. Ал түшүндүрмө бергенден кийин жыйынтыктоочу чечим чыгарылат», - деп маалымдайт ИИМ.

Эске салсак, 2018-жылы 27 – ноябрда укук коргоочу Н. Токтакунов социалдык баракчасына президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын «кара касса»сын жарыялаган. Токтакунов шайлоо компаниясынын чыгымдарды көрсөтүлгөн расмий суммадан 10 эсе көп экендигин, жалпысынан 24 млн доллар сарпталганын билдирген.

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда «Апрель» телеканалына берген маегинде жарыяланган маалыматтар реалдуу экенин, кеңешчиси Икрам Илмиянов касса боюнча көп маалымат билгени үчүн камакка алынганын билдирген.

Мындан тышкары экс-президент, КСДПнын эсепчиси «кара касса»дан кабардар болуп, өмүрүнө коркунуч туулгандыктан өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Президенттин администрация «кара касса» тууралуу тараган маалыматты «фейк» деп атап, комментарий берүүдөн баш тарткан.

Жарыяланган маалыматтарды ИИМ иликтөөгө алган.




Поделиться новостью: