ИИМ: Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыганан 202 киши каза тапты

Дата: 11:25, 18-05-2018.

Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыганан 202 киши каза тапты. Бул тууралуу ИИМнин орун басары Курсан Асанов журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы төрт ай ичинде 1миң 580 жол кырсыгы катталып, 202 киши каза болгоню Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17,3% аз. Балдардын катышуусу менен болгон жол кырсык 331 ге жеткен. Мурдагы жылга караганда балдар 1,5%га көп кырсыктаган. Балдардын өлүмү 11ден 20 өскөн. Жаракат алгандар 367дан 360ка 4,3%га азайган.

Республика боюнча жол эрежесин бузган 367 миң 350 факты катталган.



Поделиться новостью: