Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “Азия-Ньюс” гезитин сотко берди

Дата: 13:11, 19-07-2019.

Бишкек. 19 – июль.  КирТАГ –  Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “ар-намысыма шек келтирди” деген негизде “Азия-Ньюс” гезитин сотко берди. Буга “аталган гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги коллаж себеп болгонун” адвокат Динара Аширалиева “Азаттык” радиосуна билдирди.

Ал министрликтеги кадр маселелери боюнча жазылган маалымат да арыз берүүгө негиз болгонун кошумчалады.

Октябрь райондук соту буга байланыштуу ишти бүгүн, 19-июлда карап, макала-сүрөттөр боюнча гезиттин тиешелүү кызматкерлери дагы түшүндүрмө берсин деген негизде кийинки отурумду 1-августка белгиледи. Арыз бир ай мурда берилген. Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

"Фотоколлаж жана чындыкка жатпаган маалыматты камтыган макалалар боюнча. 5 млн. сомдук доо коюлуп жатат. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы боюнча элге таратылган маалымат үчүн редактордун жоопкерчилиги каралган. Максат 5 млн. сомдо эмес. Журналисттер кесиптик ыйгарым укуктарын аткарып жатканда мыйзамды, этиканы сактап, фактыны текшерип, анан чыгарыш керек. Бул этика жана мыйзамдын талабы", - деди адвокат Динара Ашыралиева.

Буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да ушундай эле негизде “Азия-Ньюс” гезитинин сотко берип, кийин кайра доосунан баш тарткан.

Поделиться новостью: