Эртең Бишкектин айрым райондорунда таза суу убактылуу өчүрүлөт

Дата: 12:15, 25-03-2019.

Бишкек. 25 март. КирТАГ –   Бишкектин айрым бөлүктөрүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, суу эртең мененки саат 10.00дөн 15.00гө чейин жок болот.

Суу берилбей турган аймактар:

Шабдан баатыр, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол менен чектешкен аймак;
№99 лицей;
"Нур" ААКы;
"Алеша" Жабык типтеги акционердик коому;
"Бишкек-Нан" ААКы;
"Завод "ДСМ" АКcы;
"Ак-Марал Дизайн Сервис" корпорациясы;
Транспорт башкармалыгы;
№3 базадагы Бишкек жүргүнчүлөрүнүн автотранспорт ишканасы;
Бишкек автоучкомбинат;
КыргызАвтоВАЗ;
"Дасмия" рестораны;
Чүйдөгү жогорку вольттук электротармактар ишканасы (ЧуПВЭС);
"КТИ Агромаш" АКы;
"Медиафарм" АКы;
"Кыргызмедтехника" ЖЧКсы;
Саламаттык сактоо департаментинин автобазасы;
Илим жана бизнес эл аралык университети ("Электротехник" АКынын имаратындагы);
Горький №1 "а" дарегиндеги типография (Мегамедиа);
"Эсептөөчү техника жана автоматизация каражаттары" аттуу кыргыз филиалынын ЖЧКсы;
"Айдан-фарма" ЖАКы;
"Автобытсервис" АКы;
Байпак чыгарган фабрика;
"Бишкексууканал" башкармалыгы жаралган ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.

Поделиться новостью: