Эрдоган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат

Дата: 09:37, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. Сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунда эл менен жолугуушу учурунда билдирди.

«Сентябрдын башында, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга келишин күтүп жатабыз», - деди С.Жээнбеков.

Өлкө башчы Эрдоган коңшулаш мамлекеттердин башчылары менен бирге Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышаарын айтты.

Мындан тышкары резидент бул аймак – энергетиканын өнөр-жайдын, энергетиканын чордону экенин белгилеп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков  тышкы саясатка кыскача токтолуп, Россия Федерациясына, Белоруссияга, Казакстанга, Тажикстанга, Өзбекстанга, Түркияга, Евросоюздун институттарына, Кытайга жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапар менен Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрөт.



Поделиться новостью: