Элдик штаб жана КСДПнын саясий кеңеши билдирүү жасады

Дата: 17:42, 09-08-2019.

Бишкек. 9 - август. КирТАГ – Элдик штаб жана КСДПнын саясий кеңеши бирдиктүү билдирүү жасады.

«Биз Кыргызстандын бийлигинен КСДП жана элдик штабдын мүчөлөрүнө саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз.

Укук коргоо органдарынан кечээки элдик толкундоодо дүрбөлөңгө салгандарды таап, жоопкерчиликке тартууну суранабыз.

Алмазбек Атамбаевди ишин мыйзамдуу каралышын талап кылабыз. Мурунку президент мыйзамсыз камалды деп эсептейбиз.

Ошондой эле «Апрель» телеканалын толук көрсөтүүсүн калыбына келтирүү жана сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырабыз.




Поделиться новостью: