Эл жазуучусу жана драматург Көчкөн Сактанов дүйнө салды

Дата: 15:48, 21-05-2018.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын Эл жазуучусу жана драматург Көчкөн Сактанов дүйнө салды. Бул тууралуу маданият маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирди.

Көчкөн Сактанов 76 жаш курагында узакка созулган оорудан 20-майда дүйнөдөн кайтты.

К.Сактановдун адабияттагы чыгармачылык жолу 1968-жылы «Үчөөнүн жүрөгү» деген повести жарык коргондон кийин башталган.

Анын көп багытуу сөз чебери экендигин - «Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам» жана улуу жазуучу Төлөгөн Касымбеков менен биргелешип жазылган «Курманжан датка» аталыштагы пьесалары чоң ийгилик менен өлкөбүздүн көпөтгөн театрларында коюлган.

К.Сактанов 1942-жылы 10-октябрда Ош областынын Алай районуна караштуу Корул айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1967-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн.
.  
Жазуучунун чыгармачылык ишмердигинин дүркүрөп өскөн мезгили 1974-2013-жылдарга туура келип, ал ушул аралыкта «Апа кат», «Умтулуу», «Адат азабы», «Мурас», «Маркумдар үнү», «Сталинден кийинки заман», «Чөөлөрдүн заманы», «Искендер Зулкарнайн», «Алымбек датка», «Курманжан датка», «Атилла» деген жана башка аңгемелери, повесттери жана романдары жазып, окурмандарга тартуулаган.

Поделиться новостью: