Экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча 40тан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгону айтылды

Дата: 13:28, 12-06-2019.

Бишкек. 12 - июнь. КирТАГ  –  Депутат Канат Исаев экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча 40тан ашык эл өкүлүнүн колу топтолгонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"40тан ашык депутаттын колу топтолду. Урматтуу төрага тийиштүү комитетке бул маселени жөнөтсөңүз", - деди Исаев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков сунуш эске алына турганын белгиледи.

Поделиться новостью: