Экс-президент Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов Футбол федерациянын президенттигинен кетти

Дата: 14:30, 10-01-2019.

Бишкек. 10 - январь. КирТАГ – Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти  Семетей Султанов отставкага кетет. Султановдун арызы федерациянын сайтына жайгаштырылды.

«Мен мен КФФ президенттигинен кетүүнү чечтим. Бул чечим келүүнү көпкө ойлонуп кабыл алдым. Бирөөнүн басымы же кандайдыр бир аракеттерден улам кызматтан кетип жатканым жок. Биз футболчуларыбыз Азия кубогуна чыкса экен деп аракет жасаганбыз. Максатыбызга жеттик, биздин футбол өнүгүү жолуна түштү», - деп айтылат Султановдун арызында.

Эске салсак, Султанов Кыргызстан футбол федерациясынын президенттигине 2012-жылы келген, 2016-жылы болсо кайра шайланган.

Султанов 38 жашта. Ал экс-депутат, президенттин парламенттеги мурунку өкүлү, банги зат көзөмөлү боюнча мамлекеттик кызматттын экс жетекчиси Алымбай Султановдун уулу. Алмазбек Атамбаевдин биринчи никесиндеги кызына баш кошкон.



Поделиться новостью: