Экс-президент Атамбаев доо койгон юристтер соттон утуп алды

Дата: 14:00, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Ата Мекен» партиясынын эки юристине койгон 10 миллион сомдук доосу боюнча Жогорку сот чечим чыгарды. Ага ылайык, Бишкек шаардык сотунун Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган өкүмү күчүндө калды. Бул тууралуу юрист Канатбек Азиз маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаардык соту «Ата Мекен» партиясынын юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгүл Токтакунова боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган.

Башкы прокуратура 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кадыр-баркына шек келтирди» деп сотко арызданган. Соттун бардык инстанциялары доо арызды толук канааттандырып, юристтер 10 миллион сомдук айыпка жыгылган. Атамбаевге материалдык доону өндүрүп бериш үчүн эки юристтин айлыгы түшчү банктагы эсеби жабылган.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2018-жылы 17-октябрда «башкы прокурор президенттин ар-намысын анын макулдугу болмоюнча коргой албайт» деген чечим кабыл алган. Юристтер Конституциялык палатанын ушул бүтүмүнө таянып, ишти кайра кароо боюнча шаардык сотко арызданган.

Токтакунова менен Канатбек Азиз 2017-жылдын март айында Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, «Дача-СУ айылына кулаган учактагы жүктүн президент Алмазбек Атамбаевге тиешеси бар» деген маалымат тараткан. Атамбаев муну жалган жалаа катары сыпаттаган, ал эми ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева юристтерди сотко берген.

Поделиться новостью: