Экономист Кыргызстандан тышкы агылган капиталдын негизги себебин атады

Дата: 16:05, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Экономист Искендер Шаршеев Кыргызстандан тышкы агылган капиталдын негизги себебин атады.

«Учурда Кыргызстанда белгилүү бир денгээлде коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Жыйынтыгында кээ бир кишилер таасирдүүлүгүнөн, каналдарынан айрылгандан кийин капиталдарын өлкөдөн чыгарып кетип жатат», - деди Шаршеев.

Анын айтымында, өлкөдө мыйзамдардын жакшырып жатканына карабай, салык системасы, компанияларды каттоого алуу азырынча күтүлгөн жыйынтыкты бербей келатат.

«Азыр деле курулушка уруксат алуу өтө кыйын, жашыруун билинбеген жагдайлар көп. Көпчүлүк таза иштегиси келет. Таза иштөөдөн болсо көп пайда табалбайт. Бул маселе чечилбей тура берсе, капчыктуулар акчасын башка жактарга салат», - деди И.Шаршеев.

Эске салсак, Улуттук банктын маалыматына акыркы 10 айда Кыргызстандан 56,4 млн доллар акча чыгып кеткен. Акчанын тышка агылуусу ай сайын өсүп жатат. Алгачкы рекорддук сумма августь айында болуп, анда 50 млн доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен. Сентябрь айында болсо бул сумма 52,1 млн долларга,  октябрда болсо 56,4 млн долларга жеткен.



Поделиться новостью: