Экономика министри Олег Панкратов отставкага кетти
Дата: 13:25, 24-05-2019.
Бишкек. 24 - май. КирТАГ – Экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовду берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндөсунуштама киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.