ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2020-жылдын аягына чейин электромобилдерге бажы салыгы алынбайт

Дата: 10:22, 19-02-2020.

Бишкек. 19 - февраль. КирТАГ – Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 2020-жылдын аягына чейин электромобилдерге бажы салыгын албоо боюнча долбоорду жактырды.  Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим ЕАЭБ өлкөлөрүндө элетромобилдерди иштеп чыгууну жайылтуу, өндүрүү жана кубаттоочу инфраструктураны өнүктүрүү максатында кабыл алынды.

Буга чейин 2016—2017-жылга чейин электромобилдерге бажы төлөмү 0% өлчөмдө кабыл алынган эле. Жыйынтыгында Беларусияда ток менен жүрүүчү унааларда сатып алуу 8 эсеге көбөйгөн.

Поделиться новостью: