Душанбе Бишкекти Вахдат-Лахш – Кыргызстан жолун курууну тездетүүгө чакырды

Дата: 09:23, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ - Душанбе Бишкекти Вахдат-Лахш – Кыргызстан жолун куруу чечимин  тездетүүгө чакырды. Бул тууралуу Тажик телеграф агенттиги (ТаджикТА) билдирди.

«Душанбеде транспорт-коммуникациялык багытта кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Тажикистандын Транспорт министри Худоер Худоерзода Кыргызстандын Тажикистандагы элчиси Жаныш Рустамбеков менен жолугушуусунда Вахдат-Лахш – Кыргызстан жолун куруу чечимин  тездетүүгө чакырды. », - деп маалымдайт Тажикистандын Транспорт министрлиги.

Кыргызстандын Тажикистандагы элчиси Жаныш Рустенбеков Кыргызстан учурда Тажикистандын президентинин сапарына даярдык көрүп жаткандыгын, көптөгөн маселелер эки өлкө башчынын жолугушуусунда чечилиши  мүмкүндүгүн билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө,  тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесинде бир пикирге келишти.


Поделиться новостью: