Депутат ТЭЦтин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун коопсуздугун камсыздоону сунуштады

Дата: 16:58, 17-05-2018.

Бишкек. 17 - май. КирТАГ – Альбина Метерова. Жогорку Кеңештин «Республика –Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова парламенттин жыйынында ТЭЦтин мурунку жетекчиси Нурлан Өмүркул уулунун коопсуздугун камсыздоону сунуштады.

«ТЭЦтин экс-директору Нурлан Өмүркул уулу бир катар коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып жатат. Ошондуктан анын коопсуздугун камсыздаш керек», - деди депутат.

Анын айтымында Нурлан Өмүркул уулу объектти 250 млн $ деп баалаган. Ошондуктан укук коргоо органдары модернизацияга канча акча сарпталганын, канча суммага жабдыктар сатып алынганын текшериш керек.

Эске салсак, 26-январда Бишкек ТЕЦ модернизацияга, $386 млн сомдук акча  каражаттарды жумшаганына карабай аварияга учураган. Шаардыктар кыштын күнү бир канча күн тоңуп отурган. Жогорку Кенеште бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп,бир катар жооптуу жетекчилер камакка алынган.

Поделиться новостью: