Депутат Нурбаев: Эгер ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын экономикасы колдоо албаса ЕАЭБдин кимге кереги бар?

Дата: 13:23, 01-04-2020.

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ - Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Бул  тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорунун максаты өз ара соода тоскоолдугу катары көзөмөлдүк баалардын деңгээлин азайтуу механизмин кабыл алууга байланышкан Евразиялык экономикалык комиссия менен Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин ортосундагы түшүнбөстүктөрдү жоюу экенин белгиледи.

Талкуу учурунда депутат Абдывахап Нурбаев экономикалык каатчылыкты эске алуу менен Өкмөт ыкчам түрдө ташып киргизилүүчү товарларга бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу багытында Евразиялык экономикалык комиссия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин кошумчалады.

“Аталган биримдикке Кыргызстан киргенге чейинки ишкерлерди колдоо багытында кабыл алынган чараларды так аткарууну талап кылышыңыздар керек. Эгер ушундай кыйын кырдаалда республикабыздын экономикасы колдоо албаса ЕАЭБдин кереги барбы?” – деди депутат Абдывахап Нурбаев.

Поделиться новостью: