Депутат Мусабекова: Той-аштарга чектөө киргизип, акчаларды мектептерди оңдоого жумшаш керек
Бишкек. 23-январь. КирТАГ - Той-аштарга беш жылга мораторий киргизип, акчаларды социалдык объектилерди оңдоого жумшашышыбыз керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова парламентте билдирди.
Депутат Нарындын Кочкор районунда 2008-жылы начар оңдолгон мектепте балдар үшүп отурганын билдирди.
Эске салсак, өкмөт башчы 2020-жылы авариялык мектептер толугу менен ремонттон чыгарылатурганын убадалаган.
Ал эми 2019-жылы Кыргызстан боюнча 190 мектеп оңдолгон.