Депутат: Кыргызстандын президентинин самолету өтө эле эски
Бишкек. 18 октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду ташыган №1 борт өтө эле эски экендигин, учактынан абалынан уялаарын Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-журт» фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев парламентте билдирди.
«Эл аралык сапарга чыкканда, президентибиздин самолету эски экендиги көзгө сайгандай көрүнүп турат. ТУ учагы бизде эле калган. Президентке жаңы самолет керек», - деди депутат.
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов №1 борту эски учак болгону менен абалы жакшы экенин маалымдады.
«Негизи эле №1 ТУ учагы Борбор Азияда бизде эле калган. Биз жаңы самолет сатып алуунун каржы булактарын караштырып жатабыз», - деди Калилов.
Депутат бюджеттеги каражаты карап отурбай, каржылоонун башка булактарын караштыруунун сунуштады.
Белгилей кетсек, ТУ-154 самолету орус өндүрүшүүнө таандык.