Депутат кумар оюндары менен бизнес кылган баардык ишканаларды тыкыр текшерүүнү талап кылууда

Дата: 11:25, 16-05-2019.

Бишкек. 16 - мая. КирТАГ -  КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда Кыргызстанда  кумар оюндары менен бизнес курган баардык ишканаларды жабууну талап кылды.

«2011-жылы биз баардык казинолорду жаптык, бирок өлкөдө букмекердик кеңселер, тотализаторлор иштей баштады.  Биз аларды жапсак, алардын ордуна лото, интернет-коюмдар келди. Биз аларды мыйзам түрүндө 2017-жылы жаптык. Эми ушул тапта казинонун ролун «Золотой трейдер», «Турбо трейдер» сымал компаниялар аткарууда. Мен түшүнбөйм, мындай компанияларга лицензия берип жатканда жарандардын, мамлекеттик кызыкчылыгы эсепке алынабы? Алардын ишмердигин ким көзөмөлдөйт», - деп билдирди депутат.

Поделиться новостью: