Депутат: Элди «түндүк-түштүк»кө бөлгөндөрдү жоопко тартыш керек

Дата: 11:18, 21-05-2018.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Альбина Метерова. Жогорку Кенештин депутаты Тазабек Икрамов элдит түндүк-түштүккө бөлгөндөрдү жоопко тартууну сунуштады. Бул тууралуу КирТАГга эл өкүлү өзү билдирди.
Анын пикиринде, коомдо түндүк-түштүк маселесин көтөргөндөр бар. Чагымчыл күчтөр өлкөнү экиге бөлүп коюшу мумкун.

«Бүгүнкү күндө биз өлкөнү аймактарга бөлүү маселеси менен кезигип калып жатабыз. Көбүнчө мындай ыймансыз жарандар социалдык тармактарды пайдаланышууда», - деди Т. Икрамов.

Депутаттын айтымында, кээ бир жарандар мамлекетти түндүк-түштүккө бөлүп жатат. Муну менен алар элдин биримдигине кедергисин тийгизет.

Буга байланыштуу эл өкүлү кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, элди болгондордү 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштайт.

«Эгер өлкөнун биримдигин бузууга аракет кылган топтор аныкталса, аларды 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыш керек», - деп түшүндүрдү депутат.

Поделиться новостью: