Дача СУ айылында авиа кырсыктан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү

Дата: 17:16, 16-01-2019.

Бишкек. 16 - январь. КирТАГ – Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача СУ айылында авиакырсыктан каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Дача СУ айылында «Боинг-747»  жүк учагынын кыйрашынан каза болгондордун эстелигине гүл коюу аземине катышты.

Учактын кыйрашынын 2 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев, каза тапкандардын жакындары жана коомчулук өкүлдөрү катышышты.

Иш-чарада маркумдарга куран окутулду.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын айылында «Боинг-747» жүк учагы кырсыкка учурап, анын кыйрашынын кесепетинен 39 адам набыт болгон, 4 экипаж мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны болгон.


Поделиться новостью: