Дүйшөмбүдө Кыргызстанда күн ачык болот

Дата: 07:53, 21-05-2018.

Бишкек. 21 - май. КирТАГ – Дүйшөмбү күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт - деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +21+26°С, Таласта +20+25°С, Баткен облусунда +22+27°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +21+26°С, Нарын облусунда +17+22°С, Иссык-Көл облусунда +15+20°С.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +24+36°C.

Ошто күн жаайт. Абанын температурасы күндүзү +21+23°C.

Поделиться новостью: