Дүйшөмбү, алдыңкы биржаларда мунайдын баасы арзандады

Дата: 10:05, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –  Дүйшөмбү күнү  ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы ылдыйлады.

Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 62,47 (+0,54) долларды түзгөн.

Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 55,63 (+0,33) доллардан сатылган.

Поделиться новостью: