Дүйнөлүк нефть биржаларында мунай арзандады
Дата: 08:37, 07-10-2019.
Бишкек. 07-октябрь. КирТАГ – Дүйшөмбү күнү ири нефть биржаларында мунайдын баасы туруксуз бойдон калууда.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 58,37 (+0,66) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 52,81 (+0,36)доллардан сатылган.